Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ак-Суудагы спорттук иш чара ийгиликтүү өткөрүлдү

Жакында Ак-Суу районундагы Абдыш Ракымов атындагы орто мектебинин спорттук базасында волейбол оюну боюнча райондун чыгыш зонасынын мектептеринин арасында билим берүү кызматкерлеринин Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин өтмө Кубогу үчүн спорттук мелдеш болуп өттү.

Жаӊы 2019-2020-окуу жылынын башталышы алдында уюштурулган бул иш чарага алты курама команда катышып мелдеш жогорку денгээлде, кызыктуу өттү. Жыйынтыгында 3-орунга М.Асанбаев атындагы орто мектебинин командасы, 2-орунга Ы.Туманов атындагы орто мектебинин командасы татыктуу болушуп Диплом жана баалуу белектердин ээси болушту. Ал эми бул спорттук мелдеште РК профсоюздун өтмө Кубогун жана акчалай сыйлыгына татыктуу болгон А.Ракымов атындагы орто мектебинин спорттук командасы жеӊүүчү деп табылды. Сыйлыкты РК профсоюздун төрагасы Э.Садабаев тапшырды.

Райондук профсоюз комитети тарабынан уюштурулган бул спорттук иш чаранын катышуучулары уюштуруучларга тереӊ ыраазычылыгын билдиришти. Жаӊы окуу жылынын алдындагы мындай иш чара мугалимдердин көӊүлүн көтөрүп, иштерине жакшы маанай менен барышаарына өбөлгө болмокчу.

Жибек Жунушева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери