Ак-Сууда мугалимдердин укугун коргоп келген Э.Саадабаев «Ардактуу атуул» наамына татыты
Ак-Суу районунда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган иш-чарада Ак-Суу районунун тургуну Эсен Саадабаев «Ардактуу атуул» наамы менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Э.Саадабаев кесиби боюнча журналист. Ал 1976-жылдан бери жөнөкөй жумушчудан баштап, билим берүү тармагындагы «Билим шамы» гезитинин редактору кызматына чейин жеткен. 16 жыл Ак-Суу райондук профсоюздар комитетинин төрагасы болуп иштеп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мугалимдердин укугун коргоо, алардын ден соолугун чыңдоо маселелери боюнча бир катар алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзгөн.
Учурда Ысык-Көл облустук профсоюздар кеӊешинин төрагасы кызматында иштеп келүүдө.