Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ак-Суу районунда «Жылдын мыкты мугалими» тандалды

     Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунда  «Жылдын мыкты мугалими- 2018»  кароо-сынагы өткөрүлдү. Сынака катышууга  районубуздагы 35 мектептен 21 мугалимдин арыздары кабыл алынып, комиссиянын чечиминин негизинде финалга 10 мугалим тандалып чыкты.

     Сынактын негизги максаты:

- райондун мектептеринде иштеп жаткан мугалимдердин өнүгүү потенциалын аныктоо жана аларга колдоо көрсөтүү;

- мыкты, таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди аныктоо;

- мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүгө шарттарын түзүү;

 - мугалимдин кесиптик баркын көтөрүү;

- окуу-тарбия процессинде маалыматтык-коммуникациялык технологияны (проектик электрондук окуу китептерин, интернет) колдонуунун активдештирилиши;

- мугалимдин иш тажрыйбасын жайылтуу.

     Кароо сынак 2 бөлүк  менен жүргүзүлдү.Биринчи бөлүгүнүн тапшырмалары:

- сынактын иш кагаздарынын даярдалышы;

- чыгармачыл ачык сабактын фрагменти;

- предметтик педагогикалык тест (компьютерде);

- педагогикалык-психологиялык тест (кагаз жүзүндө);

- мугалимдин чеберчилиги боюнча мастер-класс сабагын өтүү.Экинчи финалдык жыйынтыктоочу бөлүктүн шарттары боюнча:

- өзүн-өзү тааныштыруу;

- предметтик жомок;

- мугалимдин хоббиси жана кызыгуусу.

     Кароо-сынактын катышуучуларынын арасынан мектептердеги жалпы окутуу-тарбиялоо процессинде педагогикалык жаңылыктарды, алдыңкы иш-тажрыйбаларды кеңири колдонуп, изденип иштей билген, өз кесибин сүйгөн, чыгармачыл, уюштургуч педагог катары айырмаланган мугалимдердин иш-аракеттерине калыстар тарабынан туура баалар берилип, жеңүүчүлөр аныкталды жана райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук профсоюз комитетинин Ардак грамоталары, баалуу белектер менен сыйланышты.

     Айта кетсек, «Жаңычыл изденип иштеген мугалим» номинациясына Ү.Калиев атындагы орто мектебинин мугалими Касмакунов Б, «Өзгөчө активдүү мугалим» номинациясына З.Сооронбаева атындагы орто мектебинин мугалими Кожогелдиева Г, «Эң мыкты чыгармачылык сабактары» номинациясына  Асанбаев атындагы орто мектебинин мугалими Думукенова Г, «Талыкпас чыгармачыл мугалим» номинациясына Токоев атындагы орто мектебинин мугалими Шайракунова Э. «Жигердүү катышкандыгы үчүн»  Ыраазычылык баракчасына Рахимова атындагы орто мектебинин мугалими Куланбаева Ш, Ракымов атындагы орто мектебинин мугалими Турсунова Н, Жаңы-Арык орто  мектебинин мугалими Жакыпбаева Г. ээ болуп сыйлыктарды  Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Шамиев Анарбек тапшырды.

     Ал эми 3-орунду  Алышбаев атындагы орто мектебинин  мугалими Төлөмүшова  К, Киров атындагы гимназия мектебинин мугалими Шалапутов А,  2- орунду Асаналиев атындагы орто мектебинин  мугалими Турдубаева С,  Истамбеков атындагы орто мектебинин мугалими Жумабаева Б, 1-орунду Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясынын мугалими  Кадырова М, Ашубаев атындагы орто мектебинин мугалими  Асангазиева Т. ээлешти.

     Сынактын Баш байгеси «Гран-Приге» татыктуу болгон  Ы.Туманов атындагы орто мектебинин математика  мугалими,мектептин профкому Абдыкалыкова Нурзадага Жеңүүчү лентасы тагылып,  райондук билим берүү бөлүмүнүн жана профсоюздардын райондук комитетинин «Ардак грамотасы» менен сыйланып  жана  эс алуу жайына путевканын сертификаты тапшырылды.

     Сынакта 3-2-1-орундарды ээлешкен жеңүүчүлөргө  жана Баш байге «Гран принин»  ээсине сыйлыктарды райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев  жана  билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаев  салтанаттуу түрдө тапшырышып, куттуктап, мугалимдик ыйык кесипте дайыма жеңиштин ээси болуп жүрүүлөрүн  айтышып, ийгилик каалашты.

     Аталган кароо-сынакты талаптагыдай өткөрүп, уюштурууда райондук профсоюз комитети тарабынан ар тараптан колдоо көрсөтүлдү.

 

                                                                          Айжан Төрөева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин башкы адиси.