Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

« Ак калпак Ата баба мурасы»

   Жалпыга  маалым КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 5-март күнү  улуттук  баш  кийимди даӊазалоо АК  КАЛПАК  күнү  деп  белгиленип  келет.

    2018-жылдын  5-март  күнү  Токтогул  шаарында  да АК  КАЛПАК күнү  салтанаттуу  түрдө  белгиленди . Анда Токтогул  райондук  администрациясынын  башчысы  М.Сатымкулов  ак калпак күнү майрамы менен куттуктап өттү жана Токтогул  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Д.Сулпукарова жана, билим берүү профсоюзунун төрагасы Т.Исраилов  жана башка мекеме иш-каналардын жетекчилери катышышты. Ишчаранын жүрүшүндө  атайын  маршрут  түзүлүп  жоо жүрүш  менен  уланды. Жоо жүрүштө улут жүзү болгон  АК   КАЛПАГЫБЫЗДЫ кийип алып патриот мекенчил жаш жигиттерибиз  мектеп окуучулары менен  бирге болуп өттү.