Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ак илбирсти коргойлу

Жакында Ак-Суу райондук балдар билим борборунда мектеп окуучулары арасында бүткүл дүйнөлүк «Ак илбирсти коргоо күнүнө» карата, экологиялык сынактын райондук туру болуп өттү. Сынакка райондун 6 аймагынан тандалган мектептин окуучулары катышышты.

Сынакты өткөрүүдө мыкты деген калыстар тандалып, алар номинациялардын ар тараптуулугуна өзгөчө көӊүл буруп, чыгармачылык менен аракет кылышкан катышуучулардын арасынан  татыктуусун тандашты. Калыстар тобунун катарында мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары да иш алып барышты. Бардык иш-аракеттер жыйынтыкталгандан кийин биринчи орунду  Кайырма-Арык айылындагы Асан Деркембаев атындагы орто мектеби жеӊип алып, областтык сынакка жолдомо алды. Бул маанилүү иш чараны уюштурууда райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинети жакшы аракеттерин көрсөтө алышты.

Областтык мелдешти Балыкчы шаарында Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы  «Айкүр үй» коомдук бирикмеси менен биргеликте «Ак илбирс жана Теӊир Тоо» аталышындагы экологиялык сынактын негизинде уюштурушту. Бул сынак мектеп окуучуларынын ак илбирс тууралуу жана областтагы жүргүзүлүп жаткан экологиялык иш чаралар жөнүндө кеӊири маалымат алуусуна жана ак илбирсти, экологияны коргоо боюнча сынактын катышуучуларынын программалары менен таанышуусуна өзгөчө жагымдуу жагдай түзүп берди. Бул областтык сынактын жыйынтыгында Ак-Суу районунун командасы байгелүү 3-орунду камсыз кылышып, жакшы ийгиликтерди жарата алышты.

 

 

Макаланы даярдаган:

Жибек Жунушева,

 Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери.