Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

АЙЗАДА – “АЖАРЛУУ МУГАЛИМ”

“Мугалим” илимий-педагогикалык журналдык 4 жылдык мааракесине карата аталган журналдын жамаатынын демилгеси менен Бишкек шаарында “Мугалим коомдун күзгүсү-2018” сынагы болуп, буга республикабыздын аймагынан жалпы  356 мугалим катышса, алардын катарында Кара-Көл шаарындагы “Баластан” балдар бакчасынын жаш тарбиячысы, чыгармачылык менен алдыга умтулуп иштеп келаткан Исабекова Айзада Аманбековна да бар. Айзада ЖАГУнун кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктаган жогорку билимдүү адис. Үч баланын энеси, өз кесибин сүйгөн, жаңычылдыкка умтулган, балдарды өзүнө тарта билген, изденип жаңы-жаңы идеяларды таап иштеген, келечектүү тарбиячы мугалим. Башталган эмгек жолуна эми гана үч жыл болгону менен бакчада мектепке даярдоо гурппасында жемиштүү иштеп келатат.  Анан да мектепке чейинки балдарды тарбиялоо боюнча 2 ирет 480 сааттык  курстан өтүп сертификат алып келген.  Аталган сынактын жүрүшүндө алгач  12 мугалим финалга чыгып, алар үчүн колдоочулар тарабынан  интернет аркылуу да добуштар  берилип турду.  Сынактын бардык талаптарынын аткарылышында жаш болсо да ишке маш экендигин далилдеген Айзада Аманбековна үчүнчү орунга татыктуу болуп “Ажарлуу мугалим—2018”  номинациясын утуп алды. Натыйжада Айзада  Ысык-Көлгө эс алуу үчүн 5 күндүк жолдомо жана автомат кир жуугуч машина менен сыйланды.

-Айзада өтө мээнеткеч, изденгич, балдарга өтө жакын мугалим,--дейт “Баластан” бакчасынын жетекчиси Роза Койчукараевна,-- шыктуу, көп ишке жөндөмдүү, ошондуктан бакчада ар түркүн иш чараларды өткөргөндө өзү сценарийин да даярдап, өзү алып барат, ШБББүндө бала бакчалары боюнча  секциялык иштин усулчусу. Келечекте Айзада жаш муундарга билим берүүнүн эң  мыкты чебери болорунда күмөнүбүз жок.

Албетте, мындай мугалимдер арабызда дагы көп болушун каалап,  биз да Айзада Аманбековнага алдыдагы жашоосунда жакшы ийгиликтерди, жаркын жашоону каалайбыз.