Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

АЙЫЛДАГЫ ЖАКШЫ СААМАЛЫК

         2016-жыл- «Тарых жана маданият» жылына карата Ала –Бука районундагы Н. Жайлообаев атындагы орто мектебине 2016-жылдын 24-сентябрь күнү заманбап спорт сарай Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Баймак айлындагы эл тарабынан  белекке тартууланды.

         Райондун  Баймак айлындагы Н. Жайлообаев атындагы орто мектебине 2015-жылдын апрель айында айылдын тургундары айыл элинин арасында марофон уюштуруп, мектеп үчүн спорт сарай курууга киришкен. «Көп түкүрсө көл болот»- дегендей чогулган акча каражаты көзгө көрүнүп калгандан кийин айылдын жаштары 15 миллион 282 миң сомдук сметасын түздүрүп, курулушту баштап жиберишет .

          Курулуш башталгандан кийин Баймак айылында алтын казып иштеп жаткан “Долина косьна” ишкана 7 миллион 300миң сом , Айыл аймагы 1 миллион 280 миң сом, Райондун мекеме ишканалары 162000сом мындан райондук билим берүү мекемелери 40000сом,”Баймак ынтымагы” жаштар коому 380000 сом, Баймак эли 7миллион 160000сом салымдарын кошуп, спорт сарай 2016-жылдын 24-сентябрь күнү мектеп үчүн белекке тартууланды.

         Спорт сарайдын ачылуу аземине райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары  Сагынбаев Бектур Абдыразакович, Айыл аймагынын башчысы Эргешов Мамадалы, Кыргыз Республикасынын профсоюздар федерациясынын уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы Жайлообаев Ормонбек Назарматович жана райондогу мекеме уюмдарынын башчылары, чакырылган коноктор жана жалпы айылдын эли  катышты.

         Алгач айыл аймагынын башчысы сөз алып, спорт сарайдын курулушуна  жана курулуштун жүрүшүнө салымын кошкон жарандарды белгилеп, кызыктыруучу белектерди жана айыл аймагынын Ардак грамоталарын тапшырды.

         Андан кийин райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары  Баймак элинин ынтымагын белгилеп, райондун тарыхында элдин уюштуруучулугу менен биринчи жолу заманбап спорт сарай курулгандыгын айтып, ушул спорт сарайында машыккан жаштар келечекте Кыргыз Республикасынын туусун желбиретип, көтөрөп жүрүүсүн тиледи жана бүгүнкү волейбол оюну боюнча уюштурулган мелдешке ийгиликтерди каалады.

         Кыргыз Республикасынын профсоюздар федерациясынын уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы Жайлообаев Ормонбек Назарматович райондогу жалпы мекеме уюмдардын жетекчилерине, “Долина косьна” ишканасына жана курулуш үчүн салымын кошкон бардык инсандарга ыраазычылык билдирип ,үй- бүлөсүнүн атынан курулушта иштегендерди жана уюштуруучуларды акчалай жана кийим- кечелер менен сыйлады.

         Кийин Ала-Бука райондук билим берүү кызматкерлеринин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевич  Баймак айлынын тарыхына жана айылдан чыккан белгилүү инсандарга токтолуп, бул ынтымак улуу  муундардын  жана азыркы айыл аксакалдарынын берген тарбиясынын негизинде ушундай жетишкендиктер болуп жаткандыгын белгилеп, мындай ийгиликти жаратууда “Баймак ынтымагы” жаштар коомунун сунуш пикирлеринин тууралыгы жана ушул айылдан республикалык деңгээлге чыккан биринчи спортсмен Жакыпов Кубанычбектин салымы зор экендигин  белгиледи. Жалпы элге ырызычылыгын билдирип, уюштуруучуларга “Алкыш” каттарын тапшырып, ачылуу аземине карата уюштурулган спорттук мелдештин катышуучуларына жана калыстар тобуна ийгиликтерди каалап кетти.

         Ошол күнкү спорттук мелдештин жалпы фонду 85000 сом болуп, район боюнча мелдешке 23 команда катышып, жыйынтыгында эркектер командасынан Кош –Алмурут айылы 1-орунду багындырып 20 000сом , Сары-Талаа айылы 2- орунду алып 15 000сом, Жой-Белент айылы 3- орун үчүн 10 000 сом ,Кызыл-Токой айылы 4- орун үчүн 5 000сом

        Ал эми аялдар арасында 1- орунду Баймак айылы багындырып 8 000сом, Кош-Алмурут айылы 2-орун үчүн 6 000сом, Баймак-2  командасы 3-орун үчүн 4 000сом , Кызыл-Ата айылы 4-орун үчүн 2 000сом  жана айыл аймагынын дипломдору менен сыйланышып, спорт сарайынын ачылуу аземине арналган иш чара өз ишин аяктады.

 

                              Баймак ынтымагы жаштар коому