Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аймактык спорттук мелдештер өткөрүлдү

2021-жылдын 24-апрель күнү Өзгөн районундагы билим берүү кызматкерлеринин Спартакиадасынын аймактык туру спорттун 5 түрүнөн өткөрүлдү. Спартакиаданын аймактык турлары А.Таңатаров атындагы интернат-гимназиясынын жана М.Нурбаев атындагы орто мектебинин базасында өткөрүлдү. Билим берүү кызматкерлери аймактык мелдештерде жекече жана командалык курам боюнча спорттун 5 түрүнөн өздөрүнүн күчтөрүн сынашты. Аймактык спартакиадаларга Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу У.Кенеев катышып, ар дайым спорт менен бирге болууга чакырды жана спартакиаданын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук профсоюз комитети