Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Аймактарды өнүктүрүүдөгү бала бакчанын ролу”

         Кадамжай  районуна  караштуу МЧББ мекемелеринин  райондук  семинары   А.Орозбеков айыл  өкмөтүнө  караштуу Баластан-Охна”  балдар бакчасында   болуп  өттү. Райондук  семинарга  жалпы  102 жетекчи, тарбиячы катышты. Семинардын  жүрүшүндө мугалим балдарды  тайпа-тайпага болуп, кызыктуу оюндары менен  жарыштырды. Бул  семинардын максаты жаш  өспүрүмдөргө туура так тарбия берүү.  Келген  жетекчилер акыл-насааттарын  айтышса, жаш  өспүрүм  балдар чакан  концерттик программаларын аткарып  беришти. Балдардын  колдорунан  жасалган гулдорго, жаныбарларга жана тарткан сүрөттөрүнө баа беришти. Семинардын сонунда мыкты катышкан балдарга   райкомпрофсоюз  тарабынан  белектер жана акчалай  сыйлыктар  тапшырылды.

 

Материалды  даярдаган уюштуруучу  адис:  Ажиева Феруза.