Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аймактарды өнүктүрүү жылындагы жакшы саамалык

2018-жылдын 18-июнь күнү Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев Өзгөн районундагы К.Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясында болуп билим берүү кызматкерлеринин иштери, жашоо шарттары менен таанышып пикир алышты. 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата билим берүү кызматкерлерине колдоо көрсөтүү максатында мектеп-гимназиядагы жаш үй-бүлөө, жаңыдан үй салып  жаткан Тешебаева Жазгүл эжекенин үй-бүлөөсүнө моралдык жана материалдык колдоо катары 2 баш козулуу кой алып берди.

Ошондой эле областтык профсоюз комитетинин төрагасы

С.Тойгонбаев гимназиянын мугалими Тешебаева Жазгүл эжекенин үй-бүлөөсүнө ден-соолук, байгерлик, үй-бүлөөлүк бакыт жана жакшылыктарды каалоо менен алып берилген кой үй-бүлөөнүн короосуна уютку болуп көбөйүүсүн тиледи.

Областтык профсоюз комитетинин аймактарды өнүктүрүү жылындагы жогорудагы жакшы саамалыгы үчүн К.Раимбеков атындагы мектеп-гимназиянын директору М.Апарканов, гимназиянын профсоюз уюмунун төрайымы Ж.Токоева жана Ж.Тешебаева жолдоштор өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришип областтык профсоюз комитетинин ишине ийгиликтерди каалашты.