Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аймактарда окуу семинарлар өткөрүлдү

2018-жылдын 8-июнунда Куршаб аймагындагы А.Таңатаров атындагы интернат-гимназиясында, 12-июнь күнү Жазы аймагындагы Т.Асранов атындагы орто мектебинде жана 13-июнь күнү Т.Машрапов атындагы орто мектебинде билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Өзгөн райондук комитетинин 2018-жыл үчүн түзүлгөн иш-планына ылайык баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдарына

«Баштапкы кесиптик бирлик уюмундарында кесиптик бирликтин иш-кагаздарын жүргүзүү жана иш-кагаздарын жүргүзүүнү электрондук түргө өткөрүү» деген темада окуу үйрөтүүчү семинар өткөрүлдү. Семинарда райондук профсоюз комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов профсоюз активдерге слайд аркылуу баштапкы уюмдардын иш-кагаздарын жүргүзүүнүн үлгүлөрү жөнүндө кеңири маалыматтарды берди.

Семинар Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жогорудагы аталган мектептердин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын иш-тажрыйбалары менен таанышуу, үйрөнүү жана жайылтуу, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун иш-кагаздарын жүргүзүү жөнүндө маалыматтарды берүү, үйрөтүү, ошону менен бирге баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында иш-кагаздарды жүргүзүүнү электрондук түргө өткөрүү максатында уюштурулду.

Семинардын экинчи бөлүгүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 5-январындагы № 3/1 буйругу талкууланып, «Кызматкерлердин санынын же штатынын кыскаруусуна байланыштуу эмгек келишимин бузууда мыйзамдуулуктун сакталышы» жөнүндө профсоюз активдерге КР нын Эмгек Кодексинин тийиштүү беренелери слайд аркылуу көрсөтүлүп, кеңири укуктук маалыматтар берилди.

Семинардын жыйынтыгында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдары окуу семинардын өз кезегинде уюштурулгандыгын жана аябай маанилүү маалыматтарды алгандыктарын билдиришти.