Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Айлана –чөйрөнү жашылдандыруунун 3 айлыгын”өткөрүү

Мектепте “Айлана –чөйрөнү жашылдандыруунун 3 айлыгын”өткөрүү боюнча иш чара иштелип чыккан.Бул боюнча жуманын ар бешинчи күнү “Тазалык күнү ”деп жарыяланып,тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.Алсак 30-мартта  мектептин айлана-чөйрөсүндө тазалоо  иштери жана арыктарды чаап,тазалап бүтүрүүнү колго алышты.6-апрелде мектептин алдындагы эстеликтин жанына роза гүлдөрдү жана гүл уруктарды себүү,бак-дарактарды актоо иштери алып барылды.Ошондой эле класстык кабинеттердин,залдардын  санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу максатында сандень өткөрүлдү.Ал эми 13-апрелде мектептин спорттук аянтчаларын актоо жана иретке келтирүү,стадиондорду шыпырып,тазалоо иштери жүргүзүлдү.14-апрелде Көк-Серек айылдык өкмөтүндө “Spring”долбоору боюнча уюштурулган “Таза баштык”акциясына мектептин окуучулары “Менин айылым”слайдшоу жана коомдогу терс көрүнүштөрдөн үзүндүлөрдү,колдо жасалган буюмдардын жарманкесине катышып келишти.Анда 7-б класстын окуучулары  Абдимитал кызы Айзирек,Эрманова Дилшода,8-б класстын окуучулары Турдубаева Жийдегүл жана Юсупова Зилола ,6-а классынын окуучулары  Суйлайманкулов  Бекжан,Асылбек уулу Арлен,Керимбек уулу Даниелдер активдүү катышып,белектерди алышты.

Кесиптик уюмдун торайымы: Сыдыкова А.