Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Афганчы жана Баткенчи жоокерлерге кадыр-сый көрсөтүлдү

2021-жылдын 19-февралында Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин Жалал-Абад облустук комитетинде билим берүү  тармагында  үзүрлүү  эмгектенип  жатышан  ооганчи  жана  баткенчи  жоокер кесиптештерибиздин  өкүлдөрү менен  жолугушуу өткөрүлдү.

 

Иш-чараны   обкомдун  төрагасы  А.Исмаилов ачып,  жоокерлерди  15-февраль  Афганчылардын  майрамы  күнү, 23-февраль-Ата-Мекенди  коргоочүларынын  күнү  майрамдары  менен  куттуктады. Алардын  эрдиктерине  таазым   кылып,  жаш  муундарды  патриоттуулукка  тарбиялоодо жасап  жатышкан   иштерине ыраазычылыктарын  билдирди.  Төрага :”Обком  Сиздердин  ден-соолуктарыңызга  жана  бакубат  жашооңуздарга   камкодук  корот.  Сиздер  биздин  тармактын  баатырлары  болуп  эсептелесиздер”- деп  каалооларын  билдирип,  обкомдун  “Ардак  Грамотасын  жана   атайын  сыйлыктарын  тапшырды.

 

Кесиптеш  жоокерлерден  Жалалов  Касымбек, Мамадалиев  Медербек  сүйлөп  согуш  майданындагы окуялардан  айтып  беришти.  Обком тарабынан  көрсөтүлгөн   кадыр-сый  үчүн  ыраазычылыктарын айтып,  профсоюздук  ишмердүүлүктө  ийгиликтер   каалашты.

 

Облустук  иш-чарага 5 афганчы,  3  баткенчи  жоокерлер  катышышты.

Материалды  даярдаган:  Обкомдүн  инспектору-  А.Айдаров.