Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Адептүүлүк жана укуктук маданият жылына карата уюштурулган иш чара

Ленинжол айылындагы Исмайыл Борончиев атындагы орто мектебинде тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият жылы боюнча:

  1. Адептүүлүк жана ыймандуулук эрежеси
  2. Ардактуу инсандар менен жолугушуу
  3. Мен ушундай адам болгум келет фото көргөзмөсү

 иш чарасы өткөрүлдү.

Бул иш чара жалпы мектептин деңгээлинде уюштурулгандыктан окуучулар менен класстык сааттар, мугалимдер арасында ангемелешүүлөр, жалпы мектептин базасында айылдагы улуу муундагы адамдар менен жолугушуулар, айылдагы эмгеги менен бааланган адамдардын фото көргөзмөсү уюштурулган. Негизинен окуучулар өз эжей агайларындай адам болгусу келгендиктери боюнча маалымат беришкен. Мугалимдер арасында иштеп кеткен улуу муундагы мугалимдер, айыл ичиндеги активисттер, акыл насаат айткан айыл адамдары жөнүндө айтылып өттү.

Негизинен үстүбүздөгү жылга аранлган бир топ иш чаралар уюштурулган. Мисалы: Мектептин атын алып жүргөн улуу акын Ысмайыл Борончиев, ушул айылдын тургуну Султан Ибраимов жөнүндө кеңири маалыматтар менен, көргөзмөлөр менен ар кандай типтеги чогулуштар, семинарлар өткөрүлгөн.   

Жыйынтык иш чарада окуучулар жана мугалимдер тарабынан концерттик номерлер даярдалып,  фото көргөзмө галареясы менен, Ысмайыл  Борончиев атындагы музейдеги жаны материалдар, маалыматтар менен  тааныштырылды.

 

 

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин

профсоюзунун төрагасы                                                        С.Наматов