Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Адептүүлүк жана укуктук маданият жылын жайылтуу боюнча өткөрүлгөн чогулуш

Тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият жылы боюнча өткөрүлүүчү иш чаралардын планынын 2-пунктуна жана 4 пунктунун  3 бөлүмүнө  ылайык  2017-жылдын март айынан баштап   билим берүү мекемелеринде адептүүлүк жана укуктук маданият жылы боюнча түшүндүрүү иштерин уюштуруу жүргүзүлгөн.

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу  2017-2018-окуу жылынын башталышына карата билим берүү бөлүмүнүн аппараты, мектеп  директорлоруна кайрадан адептүүлүк жана укуктук маданиятты жайылтуу максатында чогулуш өткөрүлдү. Максаты: Адептүүлүк жана укуктук маданиятты бекемдөө, жаш мектеп директорлоруна жардам көрсөтүү болуп саналат.

Мында профсоюз тарабынан аткарылган иштер боюнча маалымат берилди жана негизинен жаңы окуу жылынын башталышына карата эмгекти коргоо, эмгек акылардын төлөнүшү  боюнча маселелер боюнча суроо жооп иштерине көңүл бурулду. Бардыгы 43 адам катышып ар бир маселе кызуу талкууга алынды. Эң негизгиси жаңыдан дайындалган мектеп директорлоруна укуктук-ченемдик актылар боюнча документтердин жыйындысы таратылып берилди. Улуу муундагы мектеп директорлору жаш мектеп директорлору үчүн өздөрүнүн кызматындагы иш опыттары менен алмашышты.

Чогулуштун өзөгүн:

-жумуш ордун аттестациялоо

-администрациянын функционалдык милдеттери

-мугалимдердин билимин жогорулатуу курстары

 боюнча суроолор түздү.

Бул суроолорго профсоюз комитети торагасы С.Наматов  менен биргеликте билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Кибираева талапка ылайык укуктук-ченемдик актыларга таянуу менен толук жоопторун беришти.

Адептүүлүк жана укуктук маданиятты жайылтуу максатында өткөрүлгөн чогулушта көп маалыматтарга, керектүү документтерге ээ болушкан мектеп директорлору чогулуштун   максатына жеткендигин  белгилешти жана  ыраазы болуп кайтышты.

 

 

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин

профсоюзунун төрагасы                                                        С.Наматов