Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Адепсиздик – кылмыш,кылмыштын арты жаза” семинар- тренинг

 

 

 

Жалал – Абад областынын Кара – Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп- гимназиясында мектептер арасында “Кылмыштуулуктун алдын алуу” максатында Шаардык билим берүү бөлүмү жана профсоюздук комитети,  ЖДПБу ,ШИИБ, Кара – Көл шаардык  УКМК кызматкерлери, Кара – Көл шаардык прокуратурасы менен биргелешкен иш пландын негизинде “Адепсиздик – кылмыш,кылмыштын арты жаза” -деген семинар- тренинг өткөрүлдү. Семинар -тренингди Токтогул атындагы № 1 мектеп – гимназиясынын мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу Тагаева Р.А., соцпедагог Айбекова А.А. алып барды. “Адепсиздик” деген эмне? “Кылмыштуулук” деп эмнени айтабыз деген суроолорго окуучулар жооп беришип, кылмыштын арты жаза болорун түшүнүштү. Окуучулар кылмыштуулуктун келип чыгуу себептерине токтолушту. Чындыгында , үй- бүлөдөгу тарбиянын жетишсиздиги , көр оокаттын айынан   чет өлкөлөргө чейин акча табуу максатында ата- энесинин баласынын жүрүм- турумун көзөмөлдөй албагандыгы, мектепте рэкет бар экендигин билип турушса да элге таралып кетүүдөн коркуу кылмыштуулуктун өсүшүнө көмөк көрсөтөрүн айтышты.

Окуучулардын үй- бүлөлөрүнүн социалдык абалынын ар түрдүүлүгү да таасир этет.

Бош убактыларын туура пайдаланууну билбегендиги,  криминалдык чөйрөнүн таасири , балдардын өз укуктарын коргоо механизмдерин билбегендиги, оюн – зоок мекемелеринин көптүгү да кылмыштуулуктун өсүшүнө бирден бир кедергисин тийгизе тургандыгын окуучулар аткарган сценкалардан көрүштү. 6-“В” классынын окуучулары “Биз рекетчиликке каршыбыз!”- деген темадагы ыр саптарын айтышып, 10-“Б” классынын окуучусу Талантбек уулу Нурсултан “Кыргызстан” деген ырды окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо максатында жалпы окуучулардын коштоосунда  ырдалды   Кара – Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн ЖЖӨИИ Мурзабеков С. “Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча” сөз сүйлөп, жаңы мыйзамдар боюнча видео көрсөттү. “Жашоодо ар кандай жагымдуу,кээде жагымсыз учурлар кездешерин, ошол жагымсыз учурлар азыраак кездешүүсү үчүн эмне кылуу керек? Бардыгы өтө жөнөкөй. Милициянын  кеңешин угуп өзүңөрдүн жана жакындарыңыздардын коопсуздугун камсыздай аласыздар” деди жашы жете элек өспүрүмдөр инспекциясынын инспектору .

Мектепте же коомдо кылмыштуулукту кантип жоё алабыз? Кылмыштуулуктун кесепеттери эмнеге алып келет?Өспүрүм курактын көйгөйлөрү?деген суроогоинформатика сабагынын мугалими Калпакбаев М.К. жооп берди.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Ташбаева М. тарабынан даярдалган 8-10- класстарынын окуучуларынын катышуусундагы “Жаркын келечек үчүн!”- деген сценка аткарылды. Балдарга карата жасалган эч бир зомбулук акталбайт, жана бардык зомбулуктун алдын алууга болот.А бирок бүткүл дүйнөдөгү балдар үй-бүлөдө, жергиликтүү коомчулукта жана билим берүү мекемелеринде , кылмыш чөйрөсү тарабынан да  зомбулукка кабылышат. Семинар тренингдин соңунда 9-11-классынын окуучулары  “Доочу” оюнун ойношту.

Зордук- зомбулукту алдын алуу, суицид, диний экстремизмди алдын алуу боюнча Кара – Көл шаарынын УКМК кызматкери Алышбаев Руслан түшүндүрмө берди.

Кара – Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун врачы Эсенгулова А. “Көз карандылыкка алып келген психоактивдүү заттар”, жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду. Өспүрүмдөр желим, ацетон, күйүүчү май жытташат. Өспүрүмдөр арасында ушул психоактивдүү заттар популярдуу болуп кеткендиги эскертилди. Ошондуктан балдарды ар дайым көзөмөлдөө зарылдыгы баса белгиленди. Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Маманов Мырзабек Мойдунович “Тамеки чегүүнүн зыяндуулугу,”Кургак учук” боюнча окуучуларга маалымат берди.

Кара- Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматтар боюнча орун басары Боронбаев Оморбек Тургунович окуучуларды кылмыштуулуктан алыс болууга чакырды. Ал эми ШБББнүн башчысы Мырзалиева А.Б. жана Каракозуева А.К. улуу адамыбыз И.Раззаков айткандай “ Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деп окуучуларды жаркын келечекке үндөштү.

Семинар тренингдин соңунда, балдар ачылып турган гүлгө салыштырылып , элдин баарын суктандырып, көргөн сайын көңүлү ачылган гүлгө адептүү, кылмыш чөйрөсүнө барбаган, ден соолугу чың, акылдуу, билимдүү баланын ойлорун чагылдырган ураандарды, семинар жөнүндө ой- пикирлерин жазышты. Ал эми куурап таштандыга айланган гүлгө- кылмышкер, адепсиз баланы элестетип, “Адепсиздик-кылмыш, кылмыштын акыры-жаза”  болорун түшүнүшүп, соолуган гүл тартылган плакатты айрып таштандыга ташташты. Семинарга катышкан окуучулар менен бирге “Биз кылмыштуулукка каршыбыз!” деген ураандын астында семинар – тренинг жыйынтыкталды.

 

Материалды даярдаган:

Каракозуева Айгуль