Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Адамды адам кылган асыл эмгек!

2019-жыл 8-февраль күнү Билим берүү жана Илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык профсоюз комитетинин жыл жыйынтыктоочу президиуму болуп өтүп, жыйында “Региондорду өнүктүрүү” жылынын мыкты профсоюз комитети кароо сынагынын облустук турунун жеӊүүчүлөрүн сыйлоо, Райшааркомдор обкомго түздөн-түз баш ийген уюмдардын аткарган иштери жөнүндө жана КР өкмөтүнүн Ардак Грамотасын сунуштоо ж.б. маселелер каралды. Жыйынды Жалал-Абад областтык профсоюз комитетинин төрагасы А.Исмаилов ачып, конкурстун жеӊүүчүлөрүнө баалуу белектерди, грамоталарды тапшырып куттуктоо сөздөрү  менен аяктады. Президиумда Токтогул районунун профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов билим берүүгө жана профсоюздук кыймылга чоӊ салымын сиӊирген татыктуу эмгеги үчүн Жалал-Абад облустук профсоюз комитети тарабынан КР өкмөтүнүн Ардак Грамотасы сунушталды.

Токтогул районунун профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов Жалал-Абад областтык профсоюз комитетинин төрагасы А.Исмаилов жана жалпы жамаатка тереӊ ыраазычылык, бекем ден-соолук, үй-бүлөдө тынчтык, аманчылык жана дагы ийгиликтерге жетуүүӊүздөрдү каалайм деп билдирет!

 

 

 

Материалды даярдаган:

Эмгекти укукту коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо инспектору

С.Дүйшеналиев