Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Абдыкеримова Канчайым

Абдыкеримова Канчайым 1954-жылы  Чүй облусундагы     Кара-Дөбө айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин бүтүп, 1976-жылы физик, физиканы окутуучу кесибине ээ болуп чыккан. 1976-жылы Бишкек шаарында инженер-синоптик, ал эми 1977-жылдан бери Балыкчы шаарында физика мугалими болуп иштөөдө.  1983-жылы мезгил талабына ылайык физика кабинетин уюштуруп, шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен сыйланган . 1984-жылы директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп дайындалып, ал эми 1985-жылдан 1988-жылга чейин шаарда метод кабинеттин методист болуп иштеген. 1988-жылдан 1998-жылга чейин Балыкчы шаардык метод кабинеттин башчысы болуп эмгектенип, 1989-жылы кыргыз тил мугалимдеринин зоналдык семинарын мыкты уюштургандыгы үчүн областтык билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 1990-1994-жылы мектептердеги методикалык иштерди активдештирүүдөгү эмгеги үчүн шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми методикалык ишти аналитикалык диагностоо жолу менен уюштуруп, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу менен билим сапатын жогорулатууда кошкон салымы үчүн 1991-жылы Кыргыз Республикасынын  Билим берүү Министрлигинин   Ардак грамотасы, 1992-жылы Кыргыз Республикасынын  элге билим берүүсүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы 2008-жыл. Михаил  Александрович Шолохов  медалы 2009-ж Россия Федерациясы, КР Аялдар конгрессинин Ардак Грамотасы 2010-жылкы сыйлыктарына ээ болгон. 1998-жылдан-2017-жылга чейин С.Каралаев атындагы №6 орто мектебинин директору  болуп эмгектенген. Азыркы учурда физика мугалими болуп эмгектенүүдө.

Басма сөзгө жарык көргөн эмгектердин тизмеси

                1.  2003-жыл “Кут билим сабак” № 10

                2.  2004-жыл “Заман жүгү” газетасы № 3

                    Улуттук валеологиялык мектеп

                3. 2005-жыл “Кут билим” газетасы № 6

                   О системе образования  США

                4. 2006-жыл “Кут билим ”газетасы № 6

                 “США и Балыкчы партнеры в образования”

                5. 2009-жыл “Кут билим” газетасы

                  Размышления после сьезда учителей

                6. 2011-жыл “Кут билим сабагы” № 4

               Роль школы в развитии гражданской ответственности

Балыкчы шаары  №6 С.Каралаеватындагы жалпы орто билим берүү  мектебинин кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Селеева Райхан