Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

9-май улуу жеңиш күнү

   Жалал-Абад шаарындагы №4 гимназия мектебинде  9-май Улуу Ата-Мекендик жеңиш күнүнө карата “Өткөндөр даңкталмайынча, тирүүлөр баркталбайт” аттуу адабий музыкалык жолугушуу кечеси болуп өттү.

Жолугушууга Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К.Акунов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев жана улуу ата-мекендик согуштун ардагери Саффин Гаффан катышышты.

Жолугушуу кечеде мектеп окуучулары тарабынан даярдалган улуу ата-мекендик согушту эскерүү ырларын тартуулашты.

    Ошондой эле 9-май күнү Жалал-Абад шаарында “Өлбөс полк” аттуу жөө жүрүш болуп ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардык профсоюз комитетинин төрагасы К.Акунов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев жана жалпы билим берүү кызматкерлери катышышты.

    Маалыматты даярдаган: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун    Жалал-Абад шаардык комитетинин адиси Максат Мамасыдыков.