Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

8-март майрамы

2019-жылдын 6-мартында Майлуу-Суу шаарынын Маданият үйүнүн чоң залында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.  Майрамдын катышуучулары мугалимдер, апа-энелер, кыз- келиндер  деги эле шаардын аял заты болду.  Куттуктоо сөздө шаардын мэри, төрага жана башка жетекчилер өзүлөрүнүн каалоо-тилектерин айтышып, айрым эжелерге алкыш  жарыялап, Ардак грамоталарды, баалуу белектерди беришти.  Ошону менен бирге мектеп окуучулар тарабынан даярдалган  концерттик программаны тартуулашты. Бала-бакчалардын, мектептердин кызматкерлери тарабынан даярдалган көрсөтмөмөлөр коюлуп, алардын чыгармачылык  таланттары бийик бааланды. Өз колдору менен жасаган кооз гүлдөрдү залдагы энелерге, эжекелерге жана кыз-келиндерге тартуулашты.  Залда отурган аялдардын маанайы көтөрүлүп, ыраазычылыгын билдиришти.   

 

Материалды даярдаган:

Айдаров Абдираим