Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

8-МАРТ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ ОБЛАСТТЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлчүлүгү жана областтагы тармактык профсоюз комитеттери менен биргеликте 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу азем 2018-жылдын    6-мартында Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында областтык деңгээлде өткөрүлдү.

Бул салтанаттуу аземге Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык райондук, шаардык комитеттеринин сунушу менен билим берүү жана илим тармагында эмгектенген 54 алдынкы мугалим, тарбиячылар  катышты.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлүнүн орун басары Ч.Саттарова, Баткен областтык профсоюздар Кеңешинин төрагасы А.Казаков куттуктоо сөз сүйлөп, майрамга карата иштериндеги ийгиликтери үчүн мугалимдерге, тарбиячыларга  Ардак грамоталар тапшырылды.

Майрамдык салтанаттын катышуучуларына Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынынын кызматкерлери тарабынан чакан концерттик программа тартууланып аял затынын турмуштагы орду тууралуу куттукттоо сөздөр айтылды.

Ошондой эле Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков областын район, шаарларынан келген билим берүү жана илим тармагында эмгектенген 54 алдынкы мугалим, тарбиячыларга  баалуу белектерди тапшырып, 8-март аялдардын эларалык майрамы менен куттуктады.

 

Уюштуруу, укук жана эмгекти

 коргоо  боюнча адис                                                         К.Акимов.