Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Асмандан жарык көрсөң кыргыз деп бил,ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил

Жылдагыдан шаңдуу, кыргыз күүлөрү тоо жаңыртып,улан-кызга патриоттук сезимиңди оргуштаткан керемет чакырыктар менен коштолуп Таш-Көмүр шаарынын маданият үйүнүн алдындагы негизги аянтчага жетекчилер баш болуп койкойгон ак  калпак кийишип көчө аралай эки тарап бетме-бет келип токтошту.Шаарыбыздын мектептеринин тарых мугалимдери жана кыргыз тили мугалимдери ак калпак таржымалын баяндап беришти. Шаарыбыздын тургундарын,конокторун “Ак калпак күнү” менен шаарыбыздын мэри, жергиликтүү кеңештин төрагасы баштаган инсандар куттуктоолорду айтышып,маареке жалпы флешмоб менен жыйынтыкталды.

 

Материалды даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева