Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

5-октябрь «Мугалимдер куну» жана 19-октябрь «Профсоюздар куну» Тоӊ районунда белгиленди

Билим  берүү  кызматкерлеринин кесип бирлигинин Тоӊ райондук  комитети  2017-жылдын  7-октябрында  Тон районунун  мектептеринин, мектепке  чейинки  билим берүү  мекемелеринин  кызматкерлеринин  арасында  5-октябрь «Мугалимдер күнү» жана 19-октябрь «Профсоюздар күнү»  майрамын  Ж.Боконбаев  атындагы  орто мектептин  залында  өткөрдү.  

         Бул салтанаттуу  майрамга  Тоӊ районунун мектептеринин, билим берүү мекемелеринин  кесип бирлик  уюмдарынын мүчөлөрү, Тон райондук кесип бирлик комитенини Президиумунун  мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын  билим берүү Министрлигинин, Кыргыз Республикасынын билим берүү  кызматкерлеринин кесип бирлигинин  Борбордук Комитетинин,  Тоӊ райондук кесип бирлик комитетинин  Ардак Грамотасына жана  баалуу  сыйлыгына татыктуу болгон мугалимдер, мектеп  директорлору, пенсияга чыккан  мугалимдер  чакырылды.

        Салтанаттуу жыйынды  билим берүү  кызматкерлеринин кесип бирлигинин Тоӊ райондук комитетинин төрагасы  Жумабеков  Кылычбек Токтоналиевич  ачып,  жыйындын  катышуучуларын  кош келген  майрамдары менен куттуктап, аларга  иштеги жараткан  ийгиликтери  үчүн ыраазычылыгын  билдирди. Андан кийинки  сөзду Тоӊ райондук  билим берүү  бөлүмүнүн башчысы  Толонгутова Нурия Ондурушовна алып, салтанаттуу  жыйындын катышуучуларын  куттуктоо  менен бирге Кыргыз Республикасынын  билим беруу Министрлигинен  келген сыйлыктарды  тапшырды.  

      Кийинки сыйлык  тапшыруу кезегин  билим берүү  кызматкерлеринин кесип  бирлигинин  Тоӊ райондук  комитетинин төрагасы алып, Кыргыз Республикасынын билим жана  илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин Борбордук Комитетинин  26-август 2017-жылдагы  №13\3 токтомунун негизинде   билим жана  илим кызматкерлеринин укуктук, экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоого кошкон салымы  үчүн   «Профсоюздук кыймылдын отличниги» төш белгисин  Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин  директору Б.Кыдыровага, К.Тайлаков атындагы орто мектептин кесип бирлик уюмунун төрайымы  М.Супатаевага, А.Колбаев  атындагы орто мектептин кесип бирлик  уюмунун төрайымы  К.Исалиевага, №2 бала бакчанын  башчысы  А.Омуркановага, ал эми Кыргыз Республикасынын билим жана  илим  кызматкерлеринин кесип бирлигинин  Борбордук Комитетинин Ардак  Грамотасын  менен Ж.Муктаровага  тапшырды. Ошондой эле  билим берүү  кызматкерлеринин Ысык-Кол областтык  профсоюздар  Кенешмесинин   Ардак  Грамотасы  менен  М.Мамбетов  мектебинин  мугалими А.Акматов, А.С.Пушкин атындагы мектеп-гимназиясынын  директору  Г.Жаанбаева, Тон райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтери  Г.Атабекова, Ж.Жамгырчиев  атындагы мектептин директору Б.Абдыкеримов, Б.Мамбетов  атындагы  орто мектептин мугалими Ж.Акынбаева, Т.Мырзамамбетов атындагы  орто мектептин завучу Н.Ибраевалар  алышты.   Ал  эми Тон райондук комитетинин Ардак  Грамотасы   жана баалуу  сыйлыктары менен 19 кесип  бирлик  уюмдарынын мүчөлөрү  жана  билим берүү  кызматкерлери  сыйланышты.

                     «Мугалимдер күнү»  жана «Профсоюздар  күнүнө»  арналган салтанаттуу  жыйында  Ж.Боконбаев  атындагы  орто мектептин  окуучулары  озулорунун  куттуктоо  концертин  беришти.

 

 

Билим берүү кызматкерлеринин

кесип бирлигинин Тоӊ райондук

комитетинин төрагасы                                                                               К.Жумабеков