Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

5-октябрь күнү “Абдыкадыр Орозбековдун 120 жылдыгы” мектебинин мугалимдери майрамдык кечени жогорку деӊгээлде өткөрүштү

Кадамжай  районунун Марказ айыл аймагына караштуу Көк-Талаа айылындагы “Абдыкадыр Орозбековдун 120 жылдыгы” орто мектебинин мугалимдер  жамааты  мугалимдер майрамын  Кызыл-Кыя шаарындагы “Мандарин” кафесинде белгилешти. Мектеп директору Жарбекова Чынара майрамдык кечени ачып,мугалимдерге  куттуктоо сөзүн айтып, ардак грамоталарын тапшырды.Аталган мектепте 27 мугалим эмгектенет. Азыркы күндө пенсия жашына жетип, эс алып жаткан ак сакал мугалимдерди чакырып сыйлашты. Ошондой эле облусттук грамота менен химия мугалими Бакирова Мукадас, кыргыз тили мугалими Довлатов Абдусали агай сыйланды. Майрам жогорку деӊгээлде өттү.