Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

5-март Ак калпак күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү

2021-жылдын 5-мартында Базар-Коргон районундагы билим берүүчү уюмдарында 5-март Ак калпак күнүнө карата майрамдык иш-чаралар болуп өттү.

Ак калпак байыркы улуттук баш кийим. Байыртадан эле ата-бабаларыбыздан муундан муунга өтүп келген. Ак калпак тоолордун жана тазалыктын символу.

Мектептерде, улуттук баш кийим: ак калпак тууралуу маалыматтар берилип, ак калпакты даңазалашты.

Мекеме уюумдарында, анын ичинде билим берүү тармагындагы профсоюз мүчөлөрүбүз ак калпак кийишип жөө жүрүшкө чыгып, иш-чараларга катышты. 

 

 

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов