Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

4-ПЛЕНУМ жыйынтыктарды, максаттарды, милдеттерди белгиледи

            2017-жылдын  14-апрели  күнү  “Жылдын  мыкты мектеби-2016” кароосунун  жеңүүчүсү  -№6  “Арал”  орто  мектебинин  чогулуштар  залында Билим, илим  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин  Ноокен  райондук  комитетинин  4-ПЛЕНУМУ  болуп  өттү.                                         Пленум  катышуучулары  мектептин фаесинде жетишкен  ийгиликтер  чагылтырылган  видиотасма  менен таанышып,  2-жылдан бери  катары менен  жеңүүчү болуудагы   мектептин тажрыйбаларын алышты.

Пленум  катышуучуларына  мектептин   окуучулары “Бактылуу  балалык  үчүн, Сиздерге  рахмат!”  темасында адабий-  музыкалык композиция    тартуулашты.

Пленумга райондук  комитетттин,  райондук  текшерүү  комиссиясынын  мүчөлөрү, ардагер  мугалимдер  жана  жергиликтүү  өзун-өзү   башкаруу  органдарынын  өкүлдөрү  катышты.

Пленумда  төмөнкү  маселелер  каралды:                                                                                                                      1. Билим  берүү  кызматкарлерын   социалдык-экономикалык   маселелерин   чечилишиндеги Ноокен райондук  комитети  жана  социалдык өнөктөштөрдүн   биргелешкен иш  аракетери  менен 2016-жылда  аткарылган  иштер  жөнүндө.                                                                                                                 2.Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокен  райондук билим  берүү бөлүмү  менен  Билим, илим  кесип  биригинин  Ноокен  райондук  комитетинин “Билим берүү  тармагын  өнүктүрүү  үчүн  өрчүндүү  маселелерин  жана  билим  берүү  кызматкерлеринин  социалдык-экономикалык проблемаларын”  чечүү  максатында 2017-2019-жылдар  үчүн  түзүлгөн МАКУЛДАШУУСУН бекитүү  жөнүндө”                                                                                                  3.Уюштуруу  маселелери

Күн тартибиндеги 1- маселе  боюнча  райондук  комитеттин  төрагасы К.Нышанов  баяндама жасады.  Баяндама  боюнча  Ниязов  атындагы  жатак - көмөкчү  мектебинин  директору  Э.Абдурахманов,  №3  Алибоев  атындагы  орто  мектебинин директору  П.Саримсаков,  №6  “Арал”   орто  мектебинин  профкому  К.Зияшева,  №2 “Ак-Куу”  бакчасынын  директору Г.Расулова, Арал   айылдык  Кенешинин   төрагасы  А.Мустафакуловтар  чыгып   сүйлөштү.

2-маселе  боюнча Макулдашуу  бекитилди. 3-маселе  боюнча  райондук  комитетин   курамы  толукталды. Пленум  каралган  маселелер  боюнча  тийиштүү  токтомдор  кабыл  алды.

Билим  берүү  арадагерлеринен  70  жана  60  жашка  чыккан  агай-эжекелерге  белектер  тапшырылды.  Көп  жылдык  үзүрлүү  эмгектери  бааланып  9 ардагер  “Ноокен  районунун билим  берүүсүн  Ардагери”   төш  белгилери   менен   сыйланышты.

Материалды  даярдаган:   Ноокен  райкБКнын   тескөөчүсү-А.Айдаров.