Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата семинар болуп өттү

2021-жылдын 28-апрель күнү Базар-Коргон районундагы №38 Гулдесте балдар бакчасында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик уюмдарынын төрайымдары үчүн семинар болуп өттү.

Семинардын  жүрүшүндө:

  1. “28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү” майрамы жана билим берүү тармагындагы  эмгекти коргоо, коопсуздук боюнча маалыматтар.
  2. Ар түрдүү маселелер каралып, маалыматтар берилди.

Семинарга Базар-Коргон районундагы  мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик уюмдарынын төрайымдары катышты. Семинарды райкомдун төрагасы С.Жаркынбаев ачып, 28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү менен иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, билим берүү тармагындагы эмгекти коргоо боюнча маалыматтарды берип, суроолорго жооп берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө эмгекти коргоо жана  техникалык коопсуздук шарттарынын сакталышы боюнча суроо-жооптор болду.

Семинардын катышуучулары пайдалуу маалыматтарды алышканын айтышып, иш-чараны уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.     

 

Маалыматты даярдаган: райКБКнын инспектору К.Асыранкулов