Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата облустук профсоюздук иш-чара өткөрүлдү

2019-жылдын  27-апрелинде   Ноокен  районунун  базасында  28-апрель - "Бүткүл  дүйнөлүк  эмгекти  коргоо  күнүнө”  карата облустук  профсоюздук  иш-чара  өткөрүлүп,  ага  билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  обкомунун   жооптуу   кызматкерлери, райшаардык  профсоюздук  уюмдардын  төрагалары,  райшаркомдордун   укук  жана  эмгекти  коргоо  боюнча  инспекторлору, райшаардык жаштар  кеңештеринин  төрагалары, Ноокен  райондук  жаштар  кеңешинин  мүчолөрү, баштапкы профсоюздук  уюмдун  төргалары, коомдук  башталыштагы эмгекти  коргоо инспекторлору, социалдык  өнөктөштөр  катышышты.

Профсоюздук  иш-чара 5-бөлүк  менен өттү.

1-бөлүгүндө  катышуучулар  “Баштапкы  профсоюздук  уюмдарда  эмгекти  коргоо   жана  коопсуздуктун  уюштурулушу”  темасында  Ноокен районунун  Момбеков  айыл  аймагындагы  №44 М.Акчабаев  атындагы  орто  мектептин жана  №22 “Гулкайыр” балдар  бакчасынын  иш-тажрыйбалары  менен  таанышышты.

2-бөлүгү  Кочкор-Ата  шаарынын  №14  Губкин  атындагы  орто  мектептин  чогулуштар  залында   уланып, мектептин  окуучулары  “28-апрель- Бүткүл  дүйнөлүк  эмгекти  коргоо  күнү”  менен  катышуучуларды  атайын  программа   менен  куттукташты.

3-бөлүгүндө Ноокен районунун  жаштар  кеңеши  тарабынан  даярдалган “Сен  өз эмгегиңды кандай  коргойсуң?”  темада Момбеков айыл аймагы  менен  Кочкор-Ата  шаарынын  жаш профлидерлери ортосунда интеллектуалдык  таймаш болуп  өттү.

4-бөлүгүндө “Эмгекти   коргоо  жана  копсуздукту камсыздоодо  жаштар  кеңештеринин  орду”   темасында тегерек стол  болуп,  анда  төмөнкүлөр  өз   пикирлери   менен  катышышты:

  1. Бегматов  А.Т.-обкомдун   уюштуруу  бөлүмун  башчысы;
  2. Айдаров.А.Ч.-обкомдун  укук  жана  эмгекти  боюнча инспектору;
  3. Сулайманов З.Б-  обкомдун  жаштар  кенешинин  төрагасы;
  4. Нышанов  К.К.- Ноокен  райкомунун  төрагасы;
  5. Камчыбеков  С.К.-Аксы  райкомунун  төрагасы.

5-бөлүгүндө   облуста активдүү  иштеп  жаткан  райшаардык  жаштар  кеңештеринин  төрагаларына  обкомдун   жана  Ноокен  райкомунун  “Ардак  Грамоталары” ,   райшааркомдорго  жаңыдан  дайындалган  укук  жана  эмгекти  коргоо  инспекторлоруна   күбөлүктөр,  иш-чараны  уюштуруучуларга  обкомдун “Алкыш”   каттары  салтанаттуу   тапшырылды.

Профсоюздук  иш-чара  обкомдун  инспектору   А.Айдаров   тарабынан   жыйынтыкталды.

 

Материалды  даярдаган: 

Жалал-Абад   обкомунун  инпектору

А.Айдаров