Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“28-апрель – Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү” иш-чарасынын бир жумалыгы жарыяланды

2021-жылдын 17-апрелинде Таш-Көмүр шаарына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектетеринде жана бала бакчаларда "28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү" иш-чарасынын бир жумалыгы жарыяланды. Бул иш-чараны уюшкандыкта өткөрүү үчүн ШБББүнүн жетектөөчү адиси Асилбек кызы Жыпаргүл, Таш-Көмүр шаардык өзгөчө кырдаалдар мекемеси, техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча адистер менен биргеликте иш-план түзүлүп мекемелерге берилди. Бул иш чаранын атайын критерийи иштелип чыгып ошонун үстүндө иш алынып баруусу эске алынуу жагы каралган.

2021-жылдын 17-арелинде Тоголок Молдо атындагы №3 жалпы билим берүүчу орто мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы Г.Ж.молдалиева мугалимдер жана окуучулар арасында өрт коопсуздугунан коргонуунун эрежелерин кантип сактоо керек, алгачкы биринчи жардам, техникалык коопсуздук чаралары боюнча көрнөк-жарнактарды жасоо менен жумалыктын ачылышы өткорүлдү.

 

Материалды даярдаган: Таш-Көмүр шаарпроф комитетинин төрайымы Э.Ж.Эгизалиева