Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Жумгал районунун билим берүү кызматкерлерин арасында шахмат боюнча райондун биринчилиги болуп өттү

 

Бул турнирди Жумгал райондук билим берүү  кызматкерлеринин кесиптик уюму  уюштурду жана каржылады. Мелдеш майрамдык маанайда уюшулуп ,жалпысынан 30 мугалим катышты. Биринчи орунду  Ибраимов айыл өкмөтүнүн кызматкери  камсыз кылса, Экинчи орунду О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин сүрөт мугалими, 2013-жылдын чемпиону – Токтогонов Марат, ал эми 3-орунду  Лама орто мектебинин мугалими Кулмамбетов Талант  ээледи. Профсоюз тарабынан  женүүчүлөргө  жана мыкты оюнчуларга акчалай сыйлык,  диплом жана  медалдар   тапшырылып , жалпы турнирдин катышуучу мугалим мырзаларына  ысык тамак  жана майрамдык белектер тартууланды.  Ыраазы болгон  билим берүү  кызматкерлери  мындай мелдештер   тез-тез  уюшулуп турса деген тилектерин айтып  кайтышты.