Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү

2021-жылдын  22-февралында   Базар-Коргон районундагы билим берүүчү  уюмдарында   23-февраль  Ата Мекенди коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар болуп өттү.

Мектептерде,  ар бир класста Ата Мекенди коргоого, сүйүүгө багытталган тарбиялык  жана ачык  сааттар өткөрүлүп, Ата Мекенди коргоо темасында КВН, кароо сынактар, сахналаштырылган көргөзмөлөр  жана сүрөт конкурстары уюштурулду.

Мектептерде майрамдык иш-чарага мектеп жаматтары, окуучулар,  ардагерлер жана меймандар  катышты.

Райкомдун  төрагасы  С.Жаркымбаев  23-февраль  Ата Мекенди коргоо күнү менен профсоюз мүчөлөрүбүздү  куттуктап,    майданга катышкан жоокер-ардагер кесиптештерибизге Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин  профсоюз   комитети тарабынан  колдоолор көрсөтүлүп,   райондук профсоюз комитети тарабынан эс алууга  жөнөтүлүп  жаткандыгын билдирди.

Иш-чара  катышуучулары  Ата Мекенди коргоо ар бир жарандын ыйык милдети экендигин, мекенди сүйүү, мамлекетибиздин өнүгүп, өсүшүнө салым кошуу  жакшы иштердин бири болорун  билдиришти.   Ошондой эле өлкөбүздө тынчтыкты, стабилдүүлүктү  каалашты.

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов