Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

23-апрель “Бүткүл дүйнөлүк китеп” күнүнө карата сынак болуп өттү

23-апрель – “Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук” күнү. Китеп – бул билим булагы, адамзат ойлоп тапкан эң сонун табылга. Китеп элдин бай мурастарын муундан муундарга өткөрүп берип, билим денгээлди көтөрүүчү, ар тараптан билмдүү, күчтүү инсан болууга жана  эң татаал сыноолордон татыктуу өтүүгө көмөктөшүүчү курал.

23-Апрель “Бүткүл дүйнөлүк  китеп”  күнүнө карата  Базар-Коргон районунун Б.Осмонов атындагы №6 гимназия мектебинде “китепкөй” атту  сынак болуп өттү.  Сынакка  мектептин окуучулары  жана мугалимдери  катышты.

“Китепкөй”   сынагынын  жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар, Ош шаарындагы Сулайман-Тоо музейине  жана Ош облустук китепканасына экскурсияга жолдомо тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: К.Асыранкулов