Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

21 - февраль – Эл аралык эне тил күнү Лейлек районунун билим берүү мекемелеринде

Лейлек райондук билим берүү мекемелеринде 21-февраль –Эл аралык эне тил күнүн жогорку деӊгээлде өткөрүү максатында  ар кандай  иш чаралар өткөрүлдү. Бардык мектептерде Эне-тил күнүнө карата тарбиялык сабактар өтүлүп, дил баяндар жазылды. Ал эми өзгөчөлөнгөн иш чараларды атап айтсак:   Г.Усенов атындагы орто  мектебинде “Эне-тилим, эне-сүтүм”, “Курулуш” орто мектебинде “Эне-тилим, менин-дилим”,”Достук” орто мектебинде “Эне-тилдин баркын бил” музыкалык кече өткөрүлдү.

Х.Боронбаев атындагы орто мектебинде “Тилим менен кыргызмын”, “Сары Дөбө” орто мектебинде “Элимдин эртени эне тилинде”, “Кыргызстандын 40-жылдыгы” орто  мектебинде “Эне менен эне тил, ата менен ата журт” , “Эне тилим карегим,сенде менин дарегим”, “Эне тилим сен турганда бар элим”, №2 гимназияда “Эне тилим,эне сүтүм” деген темада “Ойлон шоу” интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.

К.Сабыров атындагы орто мектепте орус тили мугалими, “Язык- живая душа народа” –деген иш чара 6-10 класстар ортосунда өткөрүлдү.

”Ак Терек” орто мектебинде “Ойлон шоу” интеллектуалдык таймашы 5-7 класстар ортосунда “Эне тилим, эне сүтүм” деген темада өткөрүлдү.

Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде тил жөнүндө көркөм окуу “Эне тили улуттун уюткусу” адабий кечеси, ошондой эле,  Эне тил күнүнө карата, орус, англис, кыргыз, өзбөк тилдеринде көркөм окуу линейкалары өткөрүлдү.

Бардык мектептерде Манас айтуулар болду. Дебаттар уюштурулуп, ар бир мектепте дубал газеталар чыгарылды.

 

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева