Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2022-жылдын мыкты мугалими аныкталды

Баткен районунда “Жылдын мыкты мугалими–2022” кароо-сынагынын райондук этабы 2022-жылдын 19-20-апрелинде Бужун орто мектебинде өткөрүлдү. Райондук кароо-сынакка райондун 9 айыл аймагынан жеңип чыккан 9 мыкты мугалим катышты.

Жобого ылайык конкурсанттар чыгармачыл сабактарды өткөрүшүп, тесттик жана чукул суроолорго жооп беришти, хоббиси жана өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгү менен тааныштырышты.

Кароо-сынактын жыйынтыгында  Дөбө орто мектебинин мугалими Ураимова Буайша I орунду, Чек  орто мектебинин мугалими Үсөн кызы Акмарал II орунду, Чоң талаа орто мектебинин мугалими Маккамбаева Кундуз III орунду ээлешип, райондук мамадминистрациянын дипломдору, профсоюздун райондук комитетинин баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Калган  катышуучуларга райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы жана профсоюздун райондук комитетинин баалуу сыйлыктары тапшырылды.

Сынактын  жеңүүчүсү  Ураимова Буайша чыгармачылык менен эмгектенгендиги, билиминин тереңдиги жана кесипкөйлүгү калыстар тарабынан туура бааланып, облустук “Жылдын мыкты мугалими–2022” кароо-сынагына жолдомо алды жана облустук турда байгелүү орунду камсыз кылса райондук комитет тарабынан “Жалал-Абад” санаториясына кезексиз жолдомо берилери билдирилди.

Кароо-сынактын жүрүшүнө Баткен раймамадминистрациясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн  адиси Н.Кудайбердиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов, профсоюздун райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов  катышышып, жеңүүчүлөрдү куттуктоо менен сыйлыктарды тапшырышты жана жаңы ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук КБКнын жетектөөчү адиси Б.Абдыразакова