Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“2020-жыл-аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алкагында онлайн-фестивалдын катышуучулары сыйланды

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети тарабынан 22-декабрь күнү “2020-жыл-аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алкагында өткөрүлгөн онлайн-фестивалынын активдүү катышуучулары, шаардык комитеттин арасында байгелүү орунга жетишкендер, колдоо көрсөтүп жана активдүүлүгүн көрсөткөн баштапкы кесиптик бирликтердин төрайымдарына, бала бакча директорлоруна, мектеп директорлоруна Ыраазычылык кат жана Жаштар кеңешинин мүчөлөрү Зулпукарова Наргиза Токсонбаевага, Мүсүралиева Мээрим Дүйшөналыевнага Ардак грамота тапшырылды. Социалдык өнөктөш катары Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жоошбаев Нурбек Кочкорович сыйлык ээлерине өзүнүн ыраазычылыктарын айтып, куттуктоо узатты.

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева