Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2019-жылдын "Мыкты тарбиячы" кароо сынагы мектепте өткөрүлдү

"2019-жылдын мыкты тарбиячысы" конкурсу Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде, кесип бирлик комитетинин демилгеси менен, класс жетекчилердин арасында ачык тарбиялык сааттар өткөрүлдү.

Конкурста 2019-жыл "АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА САНАРИПТЕШТИРҮҮ" жылында аймактарды өнүктүрүүгө окуучулар кандай салым кошо алаарлыгы, окуучулардын активдүүлүгү, өтүлгөн сабактардын тарбиялык маанилери, мугалимдердин чеберчилиги каралды. Мектептин окуу бөлүм башчысы Т.Жолдошова, уюштуруучу Миртемир Тыныбеков, усулдук бирикмелеринин жетекчилери калыстык менен эӊ мыкты деп "Энелер биздин бактыбыз" деген темада өтүлгөн 10-классынын класс жетекчиси Наргиза Тотоеванын сабагы табылды. Кесип бирлик комитети тарабынан ыраазычылык билдирилип, сыйлыктар берилди. Мындай конкурстарды мектептерде өткөрүп туруу   менен, жаш мугалимдерди талыкпай окуучуларга татыктуу тарбия берүүгө шыктандырат. 

 

 

-----------------------------
Материалды даярдаган:

мектептин профкому

Тотоева Наргиза