Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата семинар

Жалал-Абад  областы  Базар-Коргон району  Билим берүү  бөлүмүнө  караштуу  Бешик-Жон айыл өкмөтүндө жайгашкан  №7 М.Мамбеталиев атындагы гимназия мектебинде, Базар-Коргон  илим жана билим кызматкерлеринин  райондук  профсоюз  комитети тарабынан  семинар болуп өттү.

Семинарда үч тараптуу макулдашуунун  аткарылышы жана профсоюз тарабынан аткарылган иштер айтылды.

Семинарга  обком профсоюздун төрагасы  А.Исмаилов  акимдин орунбасары З.Адышова БББнын башчысы Т.Усенов БББнын орунбасары  М.Бурканов  обкомдун инспектору А.Айдаров  обкомдун казыначысы  З.Сулаймановдор  катышты. Семинардын жүрүшүн РПК торагасы  С.Жаркымбаев алып барды.     

 

 

Материалды даярдаган:

Суйунбек Жаркымбаев