Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2018-2019-жаңы окуу жылына дардык ийгиликтүү аяктады

Райондун мектептеринин арасында  жаңы 2018-2019-окуу жылына сапаттуу даярдоо, алардын окуу-материалдык базаларын чыңдоо максатында Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жана Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин Президиуму 2018-жылдын май айында  “Билим берүү мекемелерин 2018-2019-окуу жылына сапаттуу даярдоо боюнча кароо-сынагын өткөрүү жөнүндө”  токтом кабыл алган. Кароо-сынакка баалоонун критерийлери иштелип чыгып, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси О.Мажилимов жетектеген комиссиялык топко тапшырылган. 

Кароо-сынактын жыйынтыгын чыгаруунун этабы айыл өкмөттөрүндө 2018-жылдын  6-12-августунда, райондук масштабда 2018-жылдын 13-17-августунда өткөрүлгөн. Райондук кароо-сынакта айыл округдарында өткөрүлгөн  этабынын жыйынтыктарын негизинде жеңүүчү деп табылган мектептерди карап чыгып комиссия алдыңкыларды аныктады.

Жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгон педагогикалык жамааттар кароо-сынактын жеңүүчүсү деп табылган мектептер баалуу белектер жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланды:

 

 Э.Эркебаев атындагы орто мектеби     - Баш байге -  диплом, баалуу белек

М.Салихов атындагы орто мектеби       - I  орун I даражадагы диплом, баалуу белек

С.Момунов атындагы орто мектеби       - II орун,  II даражадагы диплом, баалуу белек

Токтогул атындагы орто мектеби          - II орун II даражадагы диплом, баалуу белек

Миң-Булак башталгыч мектеби             - III орун III даражадагы диплом, баалуу белек

Бужун гимназия мектеби                      - III орун III даражадагы диплом, баалуу белек

Кара-Токой гимназия мектеби              - III орун III даражадагы диплом, баалуу белек

Рават орто мектеби                              - кызыктыруучу сыйлык

Тунук-Суу башталгыч мектеби             - кызыктыруучу сыйлык

Кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча бардык номинациялар боюнча Баш байгени,   I жана II орундарды ээлеген мектептерди сыйлоо үчүн каражат райондук билим берүү бөлүмүнүн, III орундарды ээлеген мектептерди сыйлоо үчүн каражат райондук кесиптик бирлик комитетинин эсебинен сарпталды.

Жаңы 2018-2019-окуу жылына мектепти сапаттуу даярдоодо мыкты аракеттерди жасап, жакшы ийгиликтерди жаратышкандыгы үчүн мектептердин педагогикалык жамааттарына алкыш айтылды.

 

Баткен РКПнын адиси Б.Абдыразакова