Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2017-жылдын мыкты мугалими аныкталды

    Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук борборунун уюштуруусу менен «2017-жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагынын облустук туру өткүрүлүп, 12-майда жыйынтыгы чыгарылды.

    Кароо-сынак усулдук борбордун директору А.Токтосунов, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.Исмаиловдордун куттуктоо сөздөрү менен салтанаттуу түрдө ачылды. Ага райшаардык билим бөлүмдөрүнүн, демөөрчүлөрдүн, массалык-маалымат каражаттарынын ж.б. өкүлдөр катышышты.

    Таймаштын биринчи баскычында конкурска катышуучулардын өзүн-өзү тааныштыруусу, учурдагы жана келечектеги педагогикалык кесипке карата философиялык ой-толгоолору эссе формасында жазылып, жыйынтыгы чыгарылды.

    Ал эми экинчи этапта мугалимдер мектеп окуучуларына сабак өтүшүп, өздөрүнүн кесиптик чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Калыстар тобунун бүтүмү менен кароо-сынактын жыйынтыгы облустук усулдук борбордун залында чыгарылып, жеӊүүчүлөр тааныштырылды.

    Ноокен районундагы Ш.Суеркулов атындагы орто мектептин химия мугалими Уметов Улан Мамашович ГРАНПРИ сыйлыгын багынтса, биринчи орунга Сузак районундагы «Ынтымак» орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Оморова Насипа Айтмаматовна, экинчи орунга Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын мугалими Сабирова Рано Мирзакуловна, үчүнчү орундарга Тогуз-Торо районундагы М.Абдыжапаров атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мамбеталиева Майрамбү Жолболдуевна, Кара-Көл шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто мектептин информатика мугалими Калпакбаев Мирлан Калпакбаевич татыктуу болушту.

    Алар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн баалуу белектери, облустук усулдук борбордун дипломдору жана акчалай сыйлыктары, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин Ардак Грамоталары, акчалай сыйлыктары, курорт-санаторийлерге акысыз жолдомолор берилди.

Сыйлык тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Ы.Ызабеков, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, облустук усулдук борбордун директору А.Токтосуновдор куттуктоо сөздөрүн айтышып, баалуу белектерин тапшырышты.

     Салтанаттын соӊунда билим берүүнүн жана профсоюздун ардагери, обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов баш байгенин ээси Уметов Уланга Республикалык таймашка жигердүү катышып, ийгиликтин ээси болуусуна ак жол каалады.

    «Ыйман, адеп жана укук  маданияты» жылына арналып өткөрүлгөн кароо-сынак иштиктүү деӊгээлде өткөрүлүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү