Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“2017-жылдын мыкты мугалими”

       Мугалимдердин жана тарбиячылардын ардактуу кесибинин беделин көтөрүү, алдыӊкы тажрыйбаны педагогикалык жамааттарга таратуу аркылуу окуучулардын билим сапатын көтөрүү, балдарды тарбиялоо максатында өткөрүлгөн “2017-жылдын мыкты мугалими” конкурсу жөнүндө.

       КР нын “Эмгек мамилелериндеги социалдык өнөктөштүк”, “Билим берүү”, “Мугалимдин статусу”  мыйзамдарын иш жүзүнө ашырууда Жалал-Абад шаардык мэриясы,билим берүү бөлүмү жана профсоюздун шаардык комитети тарабынан түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун талаптарына ылайык биргелешип иштөөнүн натыйжасында бир катар иштер аткарылды. Шаардагы билим берүү мекемелеринин баарында  жамааттык келишимдер түзүлүп,анын негизинде билим берүү кызматкерлеринин социалдык- экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын коргоо боюнча бир катар  иштер жүргүзүлүүдө.

      2017-жылдын   19-20-апрель күндөрү  мугалимдердин коомдогу кадыр- баркын көтөрүү, моралдык жана материалдык жактан  колдоо көрсөтүү, алдыӊкы иш-тажрыйбаны жайылтуу боюнча  “Жылдын мыкты мугалими” конкурсу  өткөрүлүп, үч тараптуу макулдашуунун талаптарына  ылайык мэрия жана профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитети  тарабынан колдоо көрсөтүлдү. Быйылкы жылы да  шаардык мэрия тарабынан бөлүнгөн  150 (бир жүз элүү)  миӊ сом акча каражаты сарпталды. Жогоруда аталган кароо-сынактын шаардык  туру  Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов атындагы № 13  орто мектебининде  өткөрүлдү. Ага шаардагы жалпы билим берүүчү мектептерден 20 жаштан 50 жашка чейинки 19 мугалим  катышты.

    Жобонун негизинде  19 -апрелдин  биринчи жарымында ар бир катышуучу өзүн  кеӊири тааныштырып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.  Ал эми күндүн экинчи жарымында “ Ыймандуулук” темасында эссе жазышты. Андан соӊ тест суроолоруна жооп беришип, калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгы чыгарылды.  20-апрель күнү шаарыбыздагы Р.Санатбаев атындагы № 9 мектеп-гимназиясында жана  Р.Азимов атындагы № 13 орто мектебинде   сынактын катышуучулары өз предметтери боюнча сабак өт штү.

1-орунду шаардагы  М.Бабкин  атындагы №  1 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстар  мугалими  Сабирова Рано  ээлеп,1-Даражадагы Диплом жана 30 000 сомдук сертификат, “Матиз” үлгүсүндөгү автомашина менен сыйланды.  Ал эми 2-орунду  Ж.Болотов атындагы № 21 орто мектебинин башталгыч класстар мугалими   Абдусаттарова Айнагүл ээлеп, 20 000 сомдук сертификат жана 2-Даражадагы Диплом,  3-орунду эки мугалим   № 17 мектебинин тарых  мугалими  Садирова Жазгщл жана  Б.Осмонов атындагы  № 5 мектеп-гимназиясынын  химия  мугалими Кебекова Нургүл  ээлеп,  3-Даражадагы Диплом жана 15 000 сомдук  сертификат менен сыйланышты.  

    Мындан тышкары 8 мугалим  түрдүү номинацияларына ээ болушуп,  ар бири Ардак Грамота жана  4 500 сомдук , активдүү катышкандыгы үчүн 7 мугалим Ардак Грамота жана  3 500 содук сертификаттар менен сыйланышты.

   Кызматкерлердин социалдык-экономикалык укуктарын коргоодо жасай турган иштер али алдыда. Бул маселелер дагы да болсо үч тараптуу макулдашуунун  негизинде ишке ашат деген ойдобуз. 

   Коомубуздун агартуучулары болгон мугалимдердин усулдук ыктарын өнүктүрүү жана алдыӊкы иш-тажрыйбаларын жайылтуу максатында мындай иш чаралар уюштурула бермекчи.    

 

Билим берүү кызматкерлер

профсоюзунун Жалал-Абад

шаардык комитети