Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«2017-жыл –Ыйман жана укук маданияты жылы» ЖАМУ – Айгүл Тоодо

Өлкөбүздө  «2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялангандыгы баарыбызга маалым. ЖАМУнун кесиптик бирлигинин комитети  КРнын ББ жана  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан «2017-жыл – Ыйман жана укук маданияты жылы» деп жарыяланышын кызуу колдоо менен кабыл алды. Университетте «Ыйман, адеп  жана маданият – билимдүүгө жанган чырак!» программасынын алкагында иш чаралар уюштурулуп, өткөрүлүп келүүдө. Жакында эле ЖАМУнун кесиптик бирлигинин комитетинин демилгеси менен, профкомдун эсебинен каржыланып,  жалпы мүчөлөрдөн түзүлгөн топ, Кыргыз жергесинин көркүнө көрк кошкон, өрүк зарлуу Баткендин символу, «Агүл Гүлүн» көрүп,   Айгүл Тоого маданий жүрүшкө чыгып, эс алып  келишти. Бул иш чара кызматкелердин руханий жана маданий байлыгынын өсшүнө дем болуп, алардын өз жергесинин аярлуу баалуулугун барктоо сезимин козгоп, патриоттук духун көтөрөт деген ишенимдебиз.

ЖАМУнун кесиптик бирлигинин комитети