Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2014-жылдын 25-августунда Кадамжай районунун билим берүү кызматкерлеринин Август Кеӊешмеси болуп өттү

 

Кеӊешмеде төмөнкү үч маселе каралды:

  1. Райондук билим берүү мекемелеринин 2013-2014 – окуу жылынын жыйынтыктары жана 2014-2015 – жаӊы окуу жылына милдеттери жөнүндө. Док.М.Ганыбаев
  2. КР эгемендүүлүгүнүн 23 жылдык мааракесин даӊазалоо жана ийгиликтүү тосуп алуу. Док. Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Мадумаров А.К.
  3. Кеӊешменин райондук билим берүү тармагына жана жалпы коомчулукка кайрылуусун кабыл алуу.

Кеӊешмеде жогорудагы маселелерди талкуулоого КРнын билим жана илим министрлигинин өкүлү Дүйшөн Садыркулов, райондун акими А.К.Мадумаров,айыл округунун башчысы, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер жана тарбиячылар болуп, 10 киши сөз сүйлөдү.

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Нурмаматов өз сөзүндө билим берүү тармагындагы жетишкен ийгиликтерге токтолуу менен райондук комитет аткарып жаткан иштерге да токтолду. Атап айтсак, билим берүү кызматкерлеринин укуктук, социалдык жана экономикалык кызыкчылыктарын кароодо бир топ иштер аткарылды. 2013-2014 – окуу жылдарында райондук, облустук жана республикалык деӊгээлде 14 жолу окутуу семинарлары өткөрүлдү. Ал окутуу семинарларына мугалимдер, тарбиячылар, соцпедагогдор, организаторлор, окуу бөлүмүнүн башчылары, директорлор жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен борборлоштурулган бухгалтериянын бухгалтерлери да тартылган. Бардыгы болуп 722 билим берүү кызматкерлери катышты.

Семинарларда билим берүү мекемелеринде, баштапкы профсоюз уюмдарында кандай иш кагаздар болуусу керек, жамааттык келишимдер жана үч тараптуу макулдашууларды түзүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөө, ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу, билим берүүгө тиешелүү мыйзам, токтом жана башка укуктук-ченемдик актылардын аткарылышы, эмгекке акы төлөө, эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулдарды эсептөө, эмгек китепчесин туура жана өз мезгилинде толтурулушу, мыйзам чегиндеги эмгекчилерди жумушка кабыл алуу, которуу жана бошотуу ж.б. маселелер каралды.

Андан башка билим берүү кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүү жана алардын эс алуусу:

Жалпы КПФнан берилген жолдонмо – 20.

Келишим менен Мамакеев – 17

Келишим менен Жала-Абад 10кундук – 5

Келишим менен Ош пансионаты 2-3 кундук – 101

Сары Челек – 81

Кара Шоро -86

Ысык-Кол 134

         Жалпы болуп – 572

Мектептердин коллективдеринен 1-5 күндүк эс алууларга 1201 билим берүү кызматкерлери барышты. Баары – 1773 билим берүү кызматкерлери 1-5 күндүк эс алууларда болушту.

         Бирок ушундай ийгиликтерге, аткарылып жаткан иштерге карабастан билим берүү кызматкерлеринин алдында көптөгөн көйгөйлөр бар экенине токтолду. Район боюнча мугалимдерден, коллективдерден келип түшкөн суроо-талаптарды жыйынтыктап, төмөнкүдөй сунуш-талаптар коюлду:

  1. Педагогикалык кызматкерлердин айлык акысын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын 32-беренесинин негизинде республикалык орточо айлык акынын өлчөмүнө жеткирүү (ал азыр 11600дон жогору)
  2. Дем берүүчү фонддун оптимизациялоодон төлөнүүчү 10%дык бөлүгү республикалык бюджеттен төлөнсүн.
  3. Мугалимдердин сапардык чыгымдары “Эмгек кодексинин” 185-беренесине ылайык өз убагында жана толук төлөнсүн.
  4. “Билим берүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык жаӊыдан бүтүп келген жана ишке кабыл алынган жаш мугалимдерге 10 эселенген (айлык акысына) жөлөкпулду төлөө, ЖОБОнан республикалык бюджетке өткөрүлсүн.
  5. “Мугалимдердин статусу жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык мугалимдерге коммуналдык тейлоо чыгымдары төлөнүп берилсин.
  6. Билим берүү кызматкелерине аттестациялоону киргизүү менен квалификациялык категория берилсин.
  7. Кичи шаардагы билим берүү кызматкерлеринин статусун айыл жериндеги кызматкерлердин статусуна теӊөө.
  8. Билим берүү бөлүмүндөгү кызматкерлердин санын райондун аймагын, чоӊ-кичуулугун эске алуу менен кайра карап чыгылсын.
  9. Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерде эмгектенген билим берүү кызматкерлерине да 10%тик дем берүүчү фонд түзүлсүн.
  10. Бала бакчалары үчүн кабыл алынган 2012-жылдын октябрындагы КРнын Өкмөтүнүн токтому ишке ашырылсын.

 

Райондун билим берүү кызматкерлеринин жогорудагы талаптарын жергиликтүү жана жогорку бийлик органдары туура түшүнүп, 2015-жылга каралып жаткан бюджетке кийирет деген оюн айтты.

 

 

 

 

 

Даярдаган башкы адис А.Момошов.