Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2013-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарынын ЖОЖдорунун, кесиптик орто окуу жайларынын ЭК жана ТКС боюнча жооптуу инженерлери менен бириккен профсоюз комитеттеринин төрагаларын (төрайымдарын) КРнын «Эмгекти коргоо» мыйзамынын алкагында «Эмгекти коргоо талапта

2013-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарынын ЖОЖдорунун, кесиптик орто окуу жайларынын ЭК жана ТКС боюнча жооптуу инженерлери менен бириккен профсоюз комитеттеринин төрагаларын (төрайымдарын) КРнын «Эмгекти коргоо» мыйзамынын алкагында «Эмгекти коргоо талаптарына окутуу» алкагында семинар-окутуунун жүрүшү боюнча

 

Баяндама

 

Аталган окуу жайлардан жалпысынан 35 адис катышты. Окутуу-семинарга КПФнын төрагасынын орун басары Жайлообаев Ормонбек Назарматович катышып, сөз сүйлөдү.

Андан соъ күн тартибине коюлган «Эмгекти коргоонун укуктук жана базалык негиздери» деген темада БКтин эмгекти коргоо боюнча башкы техникалык инспектору Т. Ш. Ибраимов кыскача баяндама жасады. Үчүнчү маселе «Эмгекти коргоонун талаптарына окутуу жана эмгекти коргоо талаптарын билүүлөрүн текшерүү» жаатында интерактивдүү ыкма менен жүргүзүлдү. Тактап айтканда катышуучулар 10 тайпага бөлүнүп ар биринде 4-5 суроосу бар карточкалар таракатылып берилди. Карточкаларда ЭК жана ТКС  боюнча 50 суроо камтылган. Суроо-жооптор талкууланып, жоопторго катышуучулар толук катышып канааттангандыктарын билдиришти. Айрыкча суроо-жоопторго  И. Арабаев  атындагы  КМУнин, Ж.Баласагын атындагы КУУнин, КЭУнин жана БМПКтен келген адистер менен профсоюз төрагалары активдүү катышышты. Жалпысынан семинар-окуу кызыктуу өтүп максатына жетти деп эсептөөгө болот.

 

 

 

 

 БКтин эмгекти коргоо боюнча

 башкы техникалык инспектору                                          Т. Ш. Ибраимов