Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2013-жыл – иштерман жылына карата

Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарында майып балдарды реаблитациялоо борбору 2001-жылдан бери иштеп келет.Бул борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык проблемалуу балдар тарбияланат, жалпы 17 бала, жетекчиси К.Валиева. Ал ар дайым балдарды сүйүү менен мамиле кылат. Ар бир балага өзгөчө көңүл бөлүү,түшүнүү менен мамиле жасайт. Ал өз ишин сүйөт.

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү методикалык жактан жакындан жардам берип келет. Бул борбодо балдар тамга таанышат,санаганды,сүрөт тартканды үйрөнүшөт.Телевизор көрүшөт.Бири-бири менен мамиле кылышат.Борбордогу балдарга шаардык Балдар чыгармачылык үйү тарабынан үзгүлтүксүз оюн-зоок,концерттер берилип турат.

2001-жылдан бери 2 жолу “Сорос-Кыргызстан”,”Мерси-Ко” фонддору менен иштешип,долбоордун негизинде мектеп мебелин жана ашкана мебели менен камсыз болгон.Жакында бул борборго “Ашар-жалпы иш”коомдук кайрымдуулук фондунун жардамы менен Казакмыс голд-Кыргызстан компаниясынын демөөрчүлүгү менен 100,0 сомдук акча каражаты капиталдык ремонт үчүн каралды.Кызыл жарым ай коому тарабынан балдарга кийим-кечектер,оюнчуктар тапшырылды.Курулуш материалдарын жеткирүүгө көмөк көрсөткөн КСДП партиясынын лидери,ЖКнын депутаты Т.Чыныбаевге, “Ашар-жалпы иш”коомдук кайрымдуулук фондуна, Казакмыс голд-Кыргызстан компаниясына Таш-Көмүр шаардык мэриясы,шаардык билим берүү бөлүмү, майып балдарды реаблитациялоо борбору чоң ыраазычылык билдирип,ырахмат айтышат.