Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2012-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Ош областтык  билим, илим  кызматкерлеринин  профсоюз комитети  жыл башында  өткөрүлгөн Президиумунда  «Жылдын  эё мыкты Социалдык өнөктөшү», «Жылдын эё мыкты райондук комитети», «Жылдын эё мыкты  бириккен профсоюз комитети», «Жылдын эё мыкты  баштапкы профсоюз комитети»,  номинациялары боюнча  жеңүүчүлөрдү аныктап, дипломдор, жана  5000 сомдон акчалай  сыйлык менен сыйлоо чечимин  кабыл алган эле.  Жыл аягында  жылдын мыктыларын  аныктоо комиссиясы, алардын  жыл ичиндеги  конкурстарга  катышуусун, өз демилгелери менен  аткарган  иш-чаараларын, кызматкерлердин социалдык-экономикалык, эмгектик укуктарын жана  кызыкчылыктарын, коргоодогу активдүүлүктөрүн  баалап, жыйынтыгында:

«Жылдын  мыкты Социалдык өнөктөшү» - ОшМУ табылып, анын ректору  К.Исаков  диплом жана  5000 сом  менен  акчалай сыйланды. «Жылдын  мыкты райондук  комитети» - Чоё-Алай району, «Жылдын мыкты бириккен профсоюз комитети» - ОшМУ табылышып, анын төрагалары К.Абдылдаев, А.Аккулов дипломдор  жана 2500 сомдон  акчалай  сыйланышты. «Жылдын  мыкты баштапкы профсоюз  комитети» боюнча  Кара-Суу районундагы Т.Өмүрзаков атындагы орто  мектеби жана  Кара-Кулжа  районундагы  Б.Эшмамбетов атындагы  орто мектебинин  баштапкы профсоюз комитеттери жеёүүчүлөр  болушуп,  анын  төрагалары Р.Абдувахапов, Т.Жусуев дипломдор  жана  2500 сомдон  акчалай  сыйланышты.

Ал эми калган мекеме, уюмдардын жетекчилерине  баалуу белектер  тапшырылды.

Жыл жыйынтыгын чыгаруу  иш-чаарасына Ош  облустук ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн бөлүм башчысы  М. Зулпукарова, Ош шаарындагы  окуу жайлардын ректорлору, областын аймагындагы  РайБББдын  башчылары, ОПКнын  тейлөөсүндөгү  профсоюз  комитеттеринин  лидерлери катышышты.

 

  Ош областтык профсоюз

комитетинин бөлүм башчысы:                                         М.Аттокуров.