Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн мектептердин окуу-материалдык базасын чыңдоого кошкон салымы

2019-жылдын 25-май күнү Жалал-Абад облусундагы  Ноокен районунун бардык мектептеринде акыркы коңгуроо аземи салтанаттуу түрдө белгиленди.

Анда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.Маматаев, орун басарлары,  Ноокен рай БББнүн башчысы Б.Козуев, Ноокен райкКБКнын төрагасы  К.Нышанов, айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери, Ноокен рай БББнүн адистери, ИИМдин кызматкерлери, айылдык, шаардык кеңештин депутаттары, аксакалдар, ата-энелер жана  20 жылдык жолугушууга келген  коноктор  катышышты. 

Мындан 20 жыл мурун мектепти аяктап  кетишкен  10 жылдык жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөр райондун аймагындагы өздөрү билим алган мектептердин окуу материалдык базасын чыңдоого салымдарын кошушту.

Атап айтсак, №1 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебине 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 160 000 сомдук беседка куруп беришти. Андан сырткары  эң алдыңкы  окуучуларга  акчалай сыйлыктар тапшырылды.

№6 “Арал” орто мектебине 121 000 сомго мектептин кире беришине арка куруп, мектептин козерогун жаңылап беришти.

№32 Дүйшембиев атындагы орто мектебинде 76000 сомго мектептин астын жаңылап брусчатка жана стяжка кылып басылды. №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинде  20 жылдыктар ашкана салууга 66000 сомдук салымдарын кошушту,  30 жылдыктар 15000 сомго скамейкаларды жасатып беришти.

№18 Молдалиев атындагы орто мектебинде 20 жылдык бүтүрүүчүлөр  ашканага керектүү  26 500 сомдук эмеректер  менен камсыздап беришти.

Эмгекти коргоо коопсуздук чараларын жакшыртуу максатында мектептердин айланасын тосмолоого, дарбаза курууга, видео көзөмөл  орнотууга  өз салымдарын кошушту.  Андан сырткары компьютерлер, китептер, доскалар, парта,стулдар, шкаф жана жумшак мебелдер  менен камсыздап беришти.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров