17-октябрь күнү Билим кызматкерлер профсоюзунуну Кемин райондук комитетинин кезектеги Пленум болуп өттү
Пленум өз ишинде Райондук профсоюз комитетинин жылдык отчетун укту. Профсоюз комитети тарабынан 2013-2014 - окуу жылында мугалимдердин эмгек акысын эсептеп төлөдө кетирилген кемчиликтер четтетилгени айтылып, район боюнча 50000 сом акча каражаты сентябрь айынын эмгек акысына кошулуп төлөнүп берилди. Билим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинин кийлигишүүсү менен Кемин району боюнча мугалимдерге коммуналдык жактан жардам 1.000000 дон ашык акча каражаты айыл өкмөттөрүнүн эсебинен төлөнүп берилди. Пленумдун катышуучулары билим берүү мекемелеринин эмгек акысын көбөйтүүну талап кылышып Жогорку Кеӊештин депутатарына кайрылуу жөнөтүштү жана ушул маселелерди чечүү боюнча жумушчу топ тузулдү. Ошондой эле Пленумдун катышуучулары Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына дагы кайрылуу жасашты. Кайрылууда жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаш адистерге кошумча төлөмдөрдү берүү, мугалимдердин жана алардын балдарынын жайкы эс алуусун уюштурууну, начар жашаган мугалимдерге. тарбиячыларга арзандатылган көмүр берүнуү, мектептердин " ар түрдүү " чыгымдарын, мугалимдердин район ичиндеги маршруттук баракчаларын айыл өкмөтүнүн эсебинен төлөтүп берүүнү суранышты, Пленумдун акырында профсоюз комитеттеринин төрайымдарына акчалай сыйлыктар жана Сыйлоо баракчалары тапшырылды
--
Чылабаева Айсалкын