Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

100 жашка кирген мугалим – ветерандын батасын алалы

2020-жылдын 29-декабрь күнү Билим, илим кызматкерлеринин Баткен областтык профсоюз комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы  А.А.Ахматбеков жана ШПКнын  төрайымы  М.Калыкова   ветеран-мугалим  А.Рахматовдун   үйүнө  барып,  агайды жаны-жылы менен  куттуктап, Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогуловдун баалуу  белегин   жана  Областтык профсоюз комитетинин  акчалай  сыйлыгын  тапшырып, аксакалдын батасын алып  келишти. Улуу  ата мекендик согуштун 75 жылдыгынын урматына  билим,илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук  Комитети  тарабынан  “История одного героя”  акциясы  жарыяланып, анда  мугалим кесибин аркалап, УАМ согуштун катышуучусу  болгон  ардагерлерибиздин басып  өткөн жолу, каармандыктарын  чогултуп, 2020-жылдын  апрель айында Баткен шаардык профсоюз комитети (төрайымы  М.Калыкова)  жогоруда аталган  акцияга  Баткен шаарындагы 3  ветеран-мугалим жөнүндө маалымат жиберген болчу.

Ар бир агай, эжейге  Ашир атабыздын  жашын берсин.

Материал даярдаган  М.Калыкова