Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

1-октябрь – Карыялар күнү

1-октябрь – Карыялар күнүнө карата Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан атайын иш чара уюштурулуп, райондогу мектептеринин ардактуу эс алуудагы жана ардагер мугалимдери чакырылды. Бул иш-чара жыл сайын салттуу түрдө, уюштурулуп келет.

Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов катышып, аларды майрамдары менен куттуктап, каалоо сөздөрүн айтышты жана кесиптик бирлик тарабынан даярдалган белектер тапшырылды. Ардагер агай, эжекелерибиз жетекчилерге көңүл буруп, сыйлап чакыргандыктары үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, баталарын  беришти.

Андан сырткары “Карыяларды кадырлоо” иш-чаралары баштапкы кесиптик уюмдарында да уланат.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын тескөөчүсү Т.Бакиров