Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

1-июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнү Алай райондук маданият үйүндө жогорку деңгээлде шаан-шөөкөт менен өткөрүлдү

 

1-июнь -  балдарды  коргоонун Эл аралык   күнүнүн өтүлүшү боюнча

 

 М  А  А  Л  Ы  М А  Т

 

1-июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнү Алай  райондук маданият  үйүндө жогорку деңгээлде шаан-шөөкөт менен өткөрүлдү. Жалпысынан  бул майрамга 300 дөй жаш жеткинчектер катышты.

Атайын түзүлгөн план-сценарийдин негизинде   райондук балдардын чыгармачылык борборунун ийрим окуучуларынын катышуусунда балдарга арналган  концерттик программа менен  майрамдык салтанат ачылып, андан  соң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Т.Н. Сарыбашев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.А.Жээнбеков, Алай райондук билим берүү кызматкерлеринин  профсоюз комитетинин төрагасы Каримов А жана башка  келген коноктор  балдарга куттуктоо сөз сүйлөшүп ,  келечек муундары болгон жаш жеткинчектерге ачык асман, бактылуу балалык каалашты.

            Райондун борборундагы 6 балдар бакчасынын тарбиялануучулары  жана № 4 Кадырмамат уулу  Абдыразак атындагы лицей-интернатынын окуучулары, райондук балдардын чыгармачылык борборунун ийрим катышуучулары  майрамдык маанай менен өздөрүнүн өнөрлөрүн  тартуулашты. ”Балалыктын ачык асманы” бөбөктөрдүн жана жаш  жеткинчектердин  “”Бактылуу балалык”,  “Ар дайым апам болсун!”,  “Биз тынчтык үчүн!” жана башка темаларда  сүрөт конкурсу да жыйынтыкталып, ар бир   катышуучуга  айыл өкмөтү  жана   мамлекеттик администрация, жеке ишкерлер  тарабынан  сыйлыктар берилди.

            Андан соң  райондогу 6 бала бакчанын ар бирине Алай райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан 500 сомдон,  № 4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы лицей-интернатындагы  аз камсыз болгон жана жетим балдарга  3000 сом сыйлык берилди. 

Салтанат 9 00 дө башталып, 13 00 дө аяктады.

Даярдаган: Алай райондук билим берүү кызматкерлер профсоюзу